"Кабар" улуттук агентигине берген маегинде эффективдүү мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов 1-майдан тартып электр энергиясына болгон баа 23 тыйынга көтөрүлүшү боюнча пикирин билдирди. 

– Президент 2023-жылдын май айынан тарта калк үчүн электр энергиясына тарифтер 1 сомго чейин көтөрүлөрүн билдирди. Бул чечимди калк кандай кабыл алат деп ойлойсуз?

- Кыргызстандыктар жыл сайын азык-түлүккө баанын өсүшүнө көнүп калышкан, ал эми жол кире, электр энергияга, сууга, жылуулукка тариф көтөрүлсө нааразычылык жаралат. Ошондуктан, Кыргызстан электр энергияга КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң ылдыйкы тарифти кармап келет. Бул көзгө көрүнүп эле турган статистика. Бирок америкалык макалда айтылгандай, "шайтан майда нерседе жатат". 

Ылдыйкы тариф энергетикалык тармактын өзүндөгү да, калк үчүн дагы негатив тенденциясын жаратат. Жалпы мамлекетти айтпай эле коелу. 

Кыргызстандын тарифтерин ар кандай экономикадгы, ар кандай каржылык мүмкүнчүлүктөгү, ар кандай айлык маянадагы мунайзат өлкөлөрүнүн тарифтери менен салыштыруу болбойт. Бир салмак категориясындагы өлкөлөр менен салыштырганда гана реалдуу салыштыруу болот. Мисалы, Арменияда бир киловаттка минималдуу тариф 5 сом 51 тыйын. Бул КМШдагы эң чоң тариф. Тажикстанда болсо 1 сом 72 тыйын. А Кыргызстанда - 77 тыйын. 

Аны менен катар Бүткүл дүйнөлүк банктын классификациясына ылайык, Тажикстан КМШдагы эң ылдыйкы киреше деңгээлин карманган жалгыз жакыр өлкө. Анда ИДП 1 026 доллардан ылдый. Ошондой эле, Тажикстан маяна боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнөн бир топ калат. 2022-жылы Россияда эмгек маяна 709 долларды, Казакстанда 627 долларды, Белорусияда 551 долларды, Арменияда 437 долларды түзгөн. А Кыргызстанда - 234 доллар. Тажикстанда болсо 155 доллар. 

– Ошондо аталган өлкөлөрдө энергия өзүн актайт, а бизде кандай?

- Ооба, башка өлкөлөрдө энергетика киреше алып келген, жок дегенде өзүн өзү актаган тармак болуп саналат. А Кыргызстанда таң калыштуу кырдаал түзүлгөн - мамлекет калкка ылдыйкы тарифти орнотуу менен дотация берет, ошол эле убакта энергетика дотациялык тармак болуп саналат. Тагыраак айтканда, чыгашалуу тармак. 

Мындай чыгашалар 30 жылда 137 миллиард сомго жетти. Энергетиктердин карызы эч кимди ойлондурбаса керек, бирок өлкөнүн тышкы карызында энергетика тармагынын дагы насыясы бар, ал республикалык бюджеттен төлөнүп жатат. Ушул карыздардын баары өлкөнүн энергетика тармагын ылдыйга тартып жатат. 

 – Электр энергиясына болгон арзан тарифтер туңгуюкка алып келет экен, андан чыгуунун жолу жокпу?

– Так ошондой! Өлкөнүн энергетика тармагы өлкө калкын жана бизнестин керектөөлөрүн камсыз кыла албай калган айлампага түшүп калды. Ушуну менен биз өлкөбүздүн жана өзүбүздүн өнүгүүбүзгө тоскоолдук жараткан тосмо орнотуп койдук. 

– Сиз бул айлампадан чыгуун үчүн электр энергиясына болгон тарифти көтөрүү керек деген ойдосузбу?

– Албетте, бирок тарифтердин көтөрүлүшүнүн кесепеттерин тыкыр эсептөө жана талдоо талап кылынат. Бул татаал иш, бирок акырында калкты арзан баада сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу керек. Кыргызстандын шартында 1 сом туура эле баа деп эсептейм.