Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров  Социалдык фондду өнүктүрүү жана калкты пенсиялык камсыздандыруу менен камтууну кеңейтүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. 

Маалымат үчүн: 2023-жылдын башында пенсионерлердин саны 740 миңге жакын саналат, жыл сайын алардын саны 40-50 миң адамга көбөйөт. Эгерде 2022-жылы ассигнация 29,4 млрд сомду түзсө, 2023-жылы Соцфондго бюджеттен түз которуулар 41,4 млрд сомду түздү. Ошону менен бирге, Социалдык фонддун калган басымдуу каражаттары бюджеттик уюмдардан камсыздандыруу төгүмдөр эсебинен да түзүлөт (2022-жылы - 23 млрд сом, 2023-жылы - 27,6 млрд сом), бул өлкөдө пенсиялык камсыздандыруунун өнүкпөгөндүгүн көрсөтүп турат. Пенсиялык системаны реформалоо боюнча натыйжалуу чаралар көрүлбөсө, республикалык бюджеттин пенсиялык камсыздоого кеткен чыгымдары жыл сайын жогорулай берет. 

Жыйындын жүрүшүндө ыктыярдуу пенсиялык камсыздандырууну өнүктүрүү, пенсиялык системанын субъекттеринин ортосундагы мамилелердин жаңы моделдерине өтүү жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорду колдоо чаралары боюнча милдеттер коюлду. 

«Биз бардык жаштарыбызга пенсиялык топтоо маселеси алардын жоопкерчилиги экенин так жана ачык айтып, аларга же Социалдык фонд менен иштешүүнү, же жеке пенсиялык фонддорго өтүүнү тандоо мүмкүнчүлүгүн сунуштообуз керек, бирок биз тигил, же бул ыкма аркылуу пенсиялык камсыздандыруу менен бардык калкты камтуубуз керек. Быйылкы жылы бул маселени чечишибиз керек”, - деди кеңешменин жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.  

«Мамлекет бардык жарандарыбызды татыктуу карылык менен камсыз кылууга милдеттүү. Бул биздин конституциялык милдетибиз. Бирок, мисалы, дыйкан чарба мүчөлөрү белгиленген ставкалар боюнча айына орто эсеп менен сегиз гана сомдон төлөм төлөп турган азыркы системанын шартында биз эч качан татыктуу карылыкты камсыз кылуу максатына жете албайбыз. Айыл чарба кызматкерлеринин төгүмдөрүнүн үлүшү – 0,6%ды, ал эми алардын пенсиясына кеткен чыгымдар 40%ды түзөт. Жеке ишкерлер жана башка категориялар боюнча ушундай эле көрүнүш орун алган. Биз мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоонун жагымдуулугун жогорулатуу боюнча бир катар мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңешке киргизгенбиз. Ошондой эле бардык жарандарга милдеттүү жана ыктыярдуу пенсиялык программалардын так, түшүнүктүү жана натыйжалуу механизмдери жеткиликтүү болуусу үчүн кеңири маалыматтык программаны жүргүзүү зарыл», - деди Акылбек Жапаров. 

Кеңешменин жыйынтыгында Социалдык фондго башка мамлекеттик органдар менен бирдикте бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде мамлекеттик эмес пенсиялык кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү жана жарандарды ыктыярдуу пенсиялык камсыздандырууга катышууга тартуу боюнча жумушчу топ түзүү тапшырылды. 

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор үчүн пенсиялык топтоолорду инвестициялоо инструменттерин кеңейтүү, ошондой эле кесиптик пенсиялык фонддорду өнүктүрүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу тапшырылды. 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна Топтоочу пенсиялык фонддор менен бирдикте калктын финансылык жана пенсиялык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча жарандар менен ишти өнүктүрүү сунушталды.