Жакында “Дыйкан-Дордой” базарынын соодагерлери митинг өткөрүшүп, товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТК) милдеттендириле турган болсо, товарлардын наркы да көтөрүлө турганын билдиришти. Алардын айтканы канчалык деңгээлде туура? Өлкө экономикасына бул жаңычылдык кандай пайда алып келиши мүмкүн? Бул суроо менен эксперт Айбек Теңизбаевге кайрылдык.

- Негизи бул заманбап дүйнөлүк практика. Бул система аркылуу салык тармагында ачыктык түзүлөт. Ошол себептен улам соодагерлерге анын маңызын жакшылап түшүндүрүп, бул системага өтүүдө жеңилдик берүү керек. ЭТТКга дүйнө жүзү өткөн, биз дагы өтүшүбүз керек, анткени, замандын талабы ушундай.