Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин 2023-жылдагы алгачкы жыйынын өткөрдү. 

Министрлер Кабинетинин башчысы 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарууда 2022-жылы ички дүң продукциянын көлөмү 919 млрд сомдон ашуун болгондугун билдирди.

«2 жылдын ичинде өлкөнүн ИДПсы 50%га өстү. Өлкөнүн консолидацияланган бюджети 438,1 млрд сомду түздү. Консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгү 2 жылда 190 млрд 600 млн сомго, же 177%га өстү. Келерки жылы аны 503 млрд сомго жеткирүү пландалууда. Өсүү темпин кармап туруу үчүн биз түз инвестицияны жана таза экспорттун көлөмүн көбөйтүүбүз керек. Бул эки милдетке өзгөчө маани берилет. Быйыл экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүгө жана колдоого 20-50 млрд сом багытталат. Бул энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарба продукциясын сактоо жана сатуу үчүн шарттарды түзүү боюнча долбоорлор», - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы кошумчалагандай, Айыл чарба министрлиги сугат жана үрөн сатып алуу маселелеринде калкка колдоо көрсөтүүгө алдын ала кам көрүшү керек.

«Транспорт министрлиги битум сатып алуу, атайын техникаларды алуу боюнча өз убагында келишим түзүп, Жол фондунун иши боюнча маселелерди иштеп чыгуусу зарыл. Саламаттыкты сактоо министрлиги милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагын реформалоо боюнча ишти күчөтүшү керек. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда бир катар реформаларды жүргүзүү зарыл», - деп белгиледи ал.

Кеңешменин жыйынтыгында Билим берүү жана илим министрлиги өлкөнүн билим берүү мекемелеринде билим берүү сапатын жогорулатуу боюнча иш алып баруусу зарыл экендиги айтылды.