Жакында “Дыйкан-Дордой” базарынын соодагерлери митинг өткөрүшүп, товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТК) милдеттендириле турган болсо, товарлардын наркы да көтөрүлө турганын билдиришти. Алардын айтканы канчалык деңгээлде туура? Өлкө экономикасына бул жаңычылдык кандай пайда алып келиши мүмкүн? Бул суроо менен ишкер Чынара Мамажакыповага кайрылдык. 

- Учурда дүйнө санариптешип жатат. Адаттагы эски ыкмалар колдонуудан чыгып, анын ордун техника басууда. Бул албетте, жашоону жеңилдетет жана натыйжалуу. Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан дагы санариптешүүнүн баскычтарынан өтүп келатат. Бир эле нерсени айтайын, калкты каттоо же паспорт алууда көп нерсе электрондук түргө өткөндүктөн, азыр мурдагыдай ар кайсы кабинетти каккылап, ар кайсы кызматкердин колун койдуруп, ал үчүн кээде пара да бермей көрүнүштөр жоюлду. Демек, санариптештирүү коррупциянын “душманы”. Бул өтө жакшы нерсе.

Дагы бир мисал, бажы өтмөктө видео көзөмөл, сканер коюлуп, электрондук ыкма колдонууга кирди эле, 2022-жылы 2020 жана 2021-жылдарга караганда бажы төлөмдөрү эки эсе көп чогулду. Ошол каражаттар кайра эле социалдык маселелерди чечүүгө жумшалууда.

Ал эми соода менен алектенген ишкерлер иштин кагазсыз формасына өтүүсү боюнча көтөрүлгөн маселе дагы санариптештирүүнүн дагы бир баскычы. Товар жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу ишкердик субъектилер 2023-жылдын 1-январынан тарта Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык системасында каттоодон өтүп, жеке кабинети аркылуу иштеши керек.  Анын артыкчылыгы — ыкчам электрондук документ алмашууга мүмкүндүк берет. Бул туура эле. Мамлекеттин жасап жаткан ар бир иши ачык жана таза болушу кажет. Салык төлөөчү катары жарандар мамлекет ичинде болуп жаткан иштерди ачык көрүп турушу керек. Мамлекет иштин эффективдүүлүгү үчүн бардык тармакты санариптештирүүгө умтулуп жатат. Адамдык факторлорду азайтуунун жалгыз жолу – бардык кыймыл – аракетти санариптештирүү. Ошондуктан, мамлекеттин бул кадамын колдойм.