Жакында “Дыйкан-Дордой” базарынын соодагерлери митинг өткөрүшүп, товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТК) милдеттендириле турган болсо, товарлардын наркы да көтөрүлө турганын билдиришти. Алардын айтканы канчалык деңгээлде туура? Өлкө экономикасына бул жаңычылдык кандай пайда алып келиши мүмкүн? Бул суроо менен эксперт Расул Үмбөталиевге кайрылдык.

- Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды киргизүү – бул эң туура чечим болду. Ага каршы болуп, митингге чыккандар илгерки ыкма менен соода кылгандар – алардын көбү салыкты толук кандуу төлөбөйт. Эгерде жаңы эрежеге толук өтүп, система ишке кирип кетсе, анда бюджетке азыркыга салыштырмалуу 2-3 эсе көп салык түшөт.