Жакында “Дыйкан-Дордой” базарынын соодагерлери митинг өткөрүшүп, товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТК) милдеттендириле турган болсо, товарлардын наркы да көтөрүлө турганын билдиришти. Алардын айтканы канчалык деңгээлде туура? Өлкө экономикасына бул жаңычылдык кандай пайда алып келиши мүмкүн? Бул суроону эксперт Эрнест Карыбековго узаттык.

- Бизге ЭТТК аба менен суудай зарыл. Анткени, анын өлкө экономикасын өнүктүрүүгө ролу зор. Илгери, Советтер союзу убагында “учет и контроль” деп иш алып барышчу эле. Бул соода тармагынын жыйнактуу болушун камсыздаган. Идеалдуу базар шартында жаңы система дароо эле өзүнөн өзү калыптанып калмак. Бирок Кыргызстанда базар экономикасы жыйнактуу боло элек, ошондуктан ишкерлер жаңычылдыктардан качып, ар кандай ыкмаларды колдонуп жатышат. Мында, менимче, система сиңип кеткиче, мамлекет ишкерлердин айрым шарттарына макул болуп, жардам бериши зарыл. Мисалы, соода борборлорунун баары жеке менчикте, мамлекет алардын кожоюндары менен сүйлөшүп, андагы дүкөнчөлөрдүн ижара акысын арзандатууга аракет кылса болот. Андан сырткары, муниципалдык жерлерге соода-сатык жасоо үчүн шарт түзсө да жакшы. Ушул сыяктуу дагы көп иштерди аткарса болот. Чакан жана орто бизнести мамлекет коргоп, бапестеп турушу кажет, анткени, алар экономикабыздын дубалы болуп эсептелинет.