Жакында “Дыйкан-Дордой” базарынын соодагерлери митинг өткөрүшүп, товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТК) милдеттендириле турган болсо, товарлардын наркы да көтөрүлө турганын билдиришти. Алардын айтканы канчалык деңгээлде туура? Өлкө экономикасына бул жаңычылдык кандай пайда алып келиши мүмкүн?  Ушул суроо менен экс-депутат Рамазан Дырылдаевге кайрылдык.

 - Сөзсүз түрдө мамлекеттин көзөмөлү болууга тийиш. Биздин соодагерлер буга чейин көзөмөлсүз иштешип көнүп калышкан. Көзөмөл күчтүү болсо, коррупцияга каршы күрөш дагы натыйжалуу болот. Электрондук коштомо кагаз системасы ишке кирсе, товарлардын ар бири тийиштүү кызматтардын көңүл чордонунан орун алат. Буга чейин эркиндик көп болуп, ар ким өз билгениндей иштеп, анын кесепетинен көмүскө экономиканын деңгээли көтөрүлгөн. Көмүскөчүлүк бюджетке каражаттын түшүүсүн азайтат. Бардык нерсе мыйзам чегинде болооруна тараптар көнүшү кажет. Мыйзам так аткарылышы керек. Өнүккөн өлкөлөрдүн баарында ишкерлер электрондук коштомо кагаз менен иштешет. Анда ар бир тыйын көзөмөлгө алынган. Ошондо мамлекет өнүгөт. Элдин турмушу оңолот. Ишкерчилигинде эч кандай мыйзам бузуу болбосо, бардык аракет мыйзам чегинде жүргүзүлүп жатса, эмнеге чоочулашат? Керек болсо, ЭТТК бүгүн каршы чыгып жаткан соодагерлердин өздөрүнө пайдалуу. Келечекте баары көнөт.