Министрлер Кабинети Баткен облусуна жеңилдетилген насыялар боюнча субсидиялардын көлөмүн 66 млн сомго чейин көбөйттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында КР министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы буйругу менен “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо” долбоору бекитилди. Анын алкагында жеткиликтүү жеңилдетилген кредиттик каражаттар каралган. Долбоордун башталышы – 2022-жылдын майы, ишке ашыруу мөөнөтү – 60 ай, баасы – 470 млн сом.

Каржылоо булактары: КР республикалык бюджети жана «РСК Банк», «Айыл Банк» жана «Керемет Банк» ачык акционердик коомдорунун каражаттары.

Министрлер Кабинети чарба жүргүзүүчү субъекттердин пайыздарды төлөө боюнча чыгашаларын/финансылоо боюнча маржаларды, ошондой эле коммерциялык банктардын чыгашаларын каражаттардын эсебинен субсидиялайт.

Буйрукка ылайык, «РСК Банк», «Айыл Банк» жана «Керемет Банктарынын» пайыздык чендерин субсидиялоого 2022-жылга республикалык бюджеттен 50 млн сом бөлүү каралган. Министрлер Кабинетинин үстүбүздөгү жылдын 9-декабрындагы буйругу менен субсидиялардын көлөмү 66 млн сомго чейин көбөйтүлдү.

Долбоорду каржылоо жогорудагы буйрук менен бекитилген калктуу конуштардын тизмесине ылайык Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарынын субъекттерине банктар тарабынан жүргүзүлөт.

Долбоор биринчи 3 жылда нөл пайыздык ставка менен (0%), кийинки 2 жылда — жылдык 3% менен каражаттарды бөлүүнү карайт.