Жарандар алдындагы социалдык милдеттемелерди аткаруудан сырткары өлкөбүздүн тышкы карыздарын убагында төлөө да маанилүү маселелердин бири. Ушул жылдын январь-август айларында тышкы карыздарды жабууга  20 млрд. 575,4 млн. сом жумшалгандыгы каржы министрлигинен маалым болду.

Бул сумманын 13 млрд. 169 млн. сому   тышкы карыз үчүн төлөнсө, 7 млрд. 406 миң сом ички карыздарды жабууга жумшалган.

Белгилей кетсек, учурга карата өлкөбүздүн тышкы карызы 5 млрд. 213 млн. долларды түзөт. Анын 4 млрд. 212 миллиону тышкы карыз болсо, ички карыздын көлөмү -  1 млрд. 910 миң  доллар.

Карыздардын 2 млрд. 211 млн. доллары эки тараптуу жеңилдетилген насыялар болуп эсептелсе, анын 42,9 %ы Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына берилчү насыялар. Ал эми 1 млрд. 949 млн. (46,3 %) доллар ар кандай шарттарда алынган алынган насыялык каражаттар.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити