Фискалдаштыруу боюнча эффективдүү иштер жүрүп жатат, анын негизги максаты көмүскө экономиканы кыскартуу, салыктык кирешелердин реалдуу көлөмүн ачыкка чыгаруу жана “ак ниетсиз” ишкерлерди табуу. 2022-жылдын 27-июнуна карата 50 307 контролдук-кассалык машина катталган, бул 2021-жылга салыштырмалуу 2,4 эсеге көп. Ошол эле учурда алардын саны көбөйгөнүнө карабастан, биз Евразиялык экономикалык биримдиктин башка өлкөлөрүнөн дээрлик 4,5 эсе артта калуудабыз.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда өтүп жаткан министрлер кабинетинин кеңейтилген жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Акылбек Жапаров ишкерлерди колдоонун алкагында аткарылып жаткан иштерге токтолуп, тактап айтканда, жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган чарба жүргүзүүчү субъекттер бардык салыктарды төлөөдөн бошотулганына токтолду.

«Ишкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканына карабастан, кассалык машиналарды киргизүүгө каршы болгондор бар. Мен бир нече жолу ишкерлер менен жолугуп, түшүндүрмөлөрдү бердим. Жыйынтыгында бир пикирге келип, жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашкан ишкерлер үчүн бирдиктүү салыкты 4 пайыздан 0,5 пайызга түшүрдүк. Биздин негизги максатыбыз ден соолугубузга зыян келтирип, контрафакттык продукцияны, анын ичинде сапатсыз азык-түлүктөрдү жайылтууга жол берген аткезчиликти жоюу экенин кайталоодон тажабайм», - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.