Контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) орнотууну улантуу керек. Бул тууралуу Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин жыйынында билдирди. 

Бул боюнча мамлекет башчы Министрлер Кабинетине түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды. 

 "Автоматташтыруу - бул коррупцияны жана контрабанданы жок кылуунун жолу. ККМ орнотуу боюнча иштерди токтотпогула, дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзгүлө. Эгер ишкерлерге оор болуп жатса, планканы көтөрүп, башка жеңилдиктерди караштыргыла. Жергиликтүү бийлик дагы бул иш чарага кошулуп, элге маалыматты жеткирүү милдетин алышы керек. ККМди колдрнуу - бул салыктарды көбөйтүүнүн гана жолу эмес, аткезчилик жана салыктан качкан ишкерлер менен күрөшүү дагы болуп эсептелинет", - деди мамлекет башчы.