Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жетектеген Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясы Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын юбилейлик форумуна, ошондой эле Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн кызматташуусунун 30 жылдыгына арналган бизнес-форумга катышты.

Адылбек Касымалиев жалпы жыйында сүйлөгөн сөзүндө өлкөнүн акыркы 30 жылдагы артыкчылыктар жана кемчиликтер менен коштолгон экономикалык өнүгүү этаптарына токтолду.

«Саясий жана экономикалык өнүгүүнүн кыйынчылыктарына карабастан, Кыргыз Республикасы өзүнүн көз карандысыздыгын бекемдеп, эл аралык мамилелердин жооптуу катышуучусуна айланды. Бул мезгил ичинде республиканын ички дүң продукциясы – үч эсеге, ал эми чет элдик валютадагы тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1991-жылга салыштырмалуу болжол менен 35 эсеге өстү. Бул жылдар аралыгында өлкөгө олуттуу чет элдик инвестиция тартылды. Дүйнөнүн 100 жакын өлкөсү Кыргызстандын продукциясын керектөөчү болуп саналат, жаңы продукциянын 500дөн ашык түрүн чыгаруу өздөштүрүлдү, аларды экспорттоо өнүгүп жатат. Бул аралыкта Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен биргеликте жалпы суммасы 800 млн АКШ долларынан ашык 207 долбоор ишке ашырылды», - деди ал.

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө белгилегендей, Министрлер Кабинети үчүн кыргыз элинин бакубаттуулугун, адамдык потенциалды жогорулатуу, БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына ылайык экономиканы туруктуу өнүктүрүү, өлкөдөгү тынчтыкты жана туруктуулукту, улуттар аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты сактоо жана бекемдөө негизги артыкчылык болуп саналат.

Бул иш-чаранын алкагында британиялык жана чет элдик компаниялардын, бизнес чөйрө өкүлдөрүнүн катышуусунда бизнес-форум өттү.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын мүчөлөрү бир катар эки тараптуу жолугушууларды да өткөрүштү.

Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – Казакстан Республикасынын Финансы министри Ерулан Жамаубаев кыргыз-казак кызматташтыгынын  учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Тажикстан Республикасынын вице-премьер-министри Усмонали Усмонзода менен жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташуу маселелерине басым жасоо менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.