Тышкы карызды төлөөнүн эң оор чеги 2024-2028-жылдарга туура келет. Бул тууралуу маалымат жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. 

Айтымында, ушул жылдан тартып 2032-жылга чейин тышкы карыздардын 83 пайызын төлөө милдети турат. Бул 4 миллиард долларга туура келет. Анын 50 пайызы Кытайдан алынган насыялар. 2028-жылдан кийин карыздын оор бөлүгү төлөнүп бүткөндүктөн, бул жаатта жеңилдик жаралат. 

Акылбек Жапаров Кыргызстан тышкы карызды кайтаруу көрсөткүчү боюнча Грузия менен Армениядан бир аз алдыда экенин белгиледи. 

"Биз абдан маанилүү мезгилге кирип жатабыз, тышкы карыздын көп бөлүгүн төлөө 2023-жылга туура келет. Биз буга даяр болушубуз керек", - деди Акылбек Жапаров.