Кыргызстандын экономикасы ковид пандемиясынын кесепеттеринен кийин, 2021-жылы акырындап калыбына келе баштады. Кумтөр кен казып алуу ишканаларын эске албаганда, ИДӨнүн өсүшү  3,9 пайызды түздү. 

Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2021-жылдагы иши жөнүндө Улуттук банкынын төрагасынын отчетунан белгилүү болду. 

Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын аймагында 2021-жылы 23 коммерциялык банк иш алып барган. Иштеп жаткан коммерциялык банктардын ичинен 16 банк чет өлкө капиталына ээ. Коммерциялык банктардын төлөнгөн уставдык капиталынын жалпы суммасы 37 млрд сомду, анын ичинде банк системасынын уставдык капиталындагы чет өлкө капиталынын үлүшү 29,2 пайыз же 10,8 млрд сом.

Жалпысынан 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча банк системасынын таза пайдасы 2020-жылга салыштырмалуу 56,2 пайызга өсүп, 3,6 млрд сом чегинде катталган.

Ошондой эле нак эмес төлөмдөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча мамлекеттик программаны жүзөгө ашыруу иши улантылган. Төлөм карталарынын жалпы саны республика боюнча 10,9 пайызга жогорулап, 3,8 млн даанага жеткен, анын ичинен  “Элкарт” улуттук карталарынын саны болжол менен 2,3 млн даана болгон.