Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 139

«The Есоnomist»  басылмасы Кыргызстанды  жакынкы бир жылда дестабилдүүлүк, башаламандык орун алышы ыктымал болгон мамлекеттердин катарына кошту. Басылмадагы макала  Украинадагы согуштан кийинки дүйнөдөгү азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук маселесине арналып, анда саясий жана социалдык нааразычылыктар тууралуу сөз болгон.

Макалада негизинен Түркиянын  азык-түлүк маселесинде Россиянын туткунуна айланганын белгилеп, экономикалык саясатта президент Эрдоганга кыйын болору айтылган. Ушундай эле экономикалык кыйынчылыктар Тунис, Шри-Ланка, Түркмөнстан, Египет, Уганда, Пакистан ж.б. өлкөлөрдө күтүлөрү болжолдонгон.

Ошондой эле макалада Кыргызстанга да орун берилип, эгемендикке келгенден бери үч президент элдин толкуну менен алмаштырылганы, экономикалык жактан Россияга көз каранды экендигибиз айтылган. Дестабилдүүлүк, туруксуздук сөзсүз эле бийликтин алмашуусуна алып келбестигин, бирок элдин нааразылыгын жаратып, бийлик башындагылардын айласы кетиши мүмкүндүгүн жазган.

Албетте, алыстагы басылмалар, институттар өлкөдөгү реалдуу абалды жакындан билбей туруп эле ар кандай божомолдорун токушуп, жыйынтыктарын таңуулай берерин билебиз. Бирок «The Есоnomist»  гезитинин айткандары өлкөбүздөгү «бийлик жаза тайып кетсе, акыбал оорлоп кетсе…» дегенде көздөрү төрт болгон саясий күчтөргө майдай жакканы талашсыз. Учурдан пайдаланып максаттарына, көздөгөндөрүнө жетүүгө аракеттерди көрүшү да мүмкүн. Бул бийликтин оппоненттерине  үмүт берсе,  бийликтегилер үчүн коңгуроо болушу керек. Басылмада айтылганга эч кандай маани бербей койбой, тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу, энергетикалык көйгөйдүн жаралуусун алдын алуу багытында иштерди жүргүзүп, саясий күчтөрдүн дестабилдештирүү аракеттерин алдын алууда сагызгандай сак болуулары зарыл. Бир сөз менен айтканда, жыйынтык чыгарып, кандайдыр бир чечимдерди кабыл алуулары абзел.