Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 321

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев "Кумтөр" кени Кыргызстанга өтүшү боюнча пикирин соцтармактагы баракчасына жазды: 

- Уттук деп эле маашыркап жатып албай, эми мындан ары "Кумтөрдү" чын эле таанымал эл аралык деңгээлдеги үлгүлүү компанияга айлантууну улантышыбыз зарыл:

1.  "Кумтөр" ачык иштеп, аласа-бересесин,  киреше-чыгашасын элге, Өкмөткө ачык жарыялап туруш керек.

2. Рекультивацияга арналган акчаны топтоо, көбөйтүү, сарптоо өзгөчө көзөмөлгө алыныш керек. Майрам да, майрамдын эртеси да болот. Керек убакта ал акчаны башка максаттарга урдуруп койдук эле деген тентектиктен этият болуу зарыл.

3. Экология! Муну унутпайлы, зыянын азайтуу ыкмаларын табыш зарыл!

4. Тоо өндүрүш коопсуздугу! Канадалыктар бизди табалабагыдай иштеш зарыл... Кыргыздар ушуну кылмак деп мыйыгынан алар күлүп турбашы керек.

5. Чыгарган алтындын эл аралык стандартын, сапатын ар дайым камсыз кылып туруу. Лондон алтын биржасына акыры барабыз! Ал жактан сапаты жагынан кынтыксыз болуш керек! 99,99 пайыз алтын болушу керек! Башка темир-тесек кошулуп кетпей😉

6. Социалдык проекттер. "Кумтөр" элге түз жардамын мындан ары да көрсөтүп,билим-илимге колдоо кылып турушу зарыл! Бул коомдук психология үчүн маанилүү...