Россия тоталдык изоляцияга, “тозоктукундай” санкцияларга тушукту, рублдин дүйнөдөгү негизги валюталарга карата курсу күндөн күнгө төмөндөөдө. Анын артынан жетим улактай болуп биздин сом ээрчип баратат. Россиянын алтын-валюталык кору көп, табийгый ресурстары, өндүрүштүк потенциалы жетишерлик, айыл чарбасы да чоң, сырткы дүйнө менен эч кандай байланышы болбой калса деле жашап, а түгүл өнүгө деле берет. СССР деген деген мамлекет 73 жылдык тарыхынын көпчүлүк этабында ошентип эле өнүгүп келген. Ал эми күндөлүк керектелчү зарыл товарлардын 70-80 пайызын сырттан ташыган биздин абалыбыз кандай болот?
Серепчилер рублдин курсунун төмөндөшүнөн, Россияда өнөр жай жана курулуш тармактарындагы иштердин убактылуу азайышынан улам быйыл мигранттарыбыздан келген акчалардын 33 пайызга же 800 миллион долларга азаярын болжолдошууда. Быйыл эки айдын ичинде эле өткөн жылдын окшош мезгилине салыштырганда мигранттар которгондордун көлөмү 17 пайызга кыскарыптыр. Бирок, бул тилекке каршы, кризистин башталышы гана, Россиядан санкциялар алынбаса (кагылышуулар токтогон күндө деле алардын жакын ортодо алынарына ишенүү кыйын, дагы бир шылтоо таап Россияны кысмактай беришет), ал жактагы айрым ишканалар жабылат же өндүрүштөрүнүн көлөмдөрү азаят, рубль дагы арзандайт, жумушсуздук көбөйөт. Алардын баары кайып келип бизге окшоп эмгек мигранттарынын эсебинен жан баккандарга тийет.
Сомдун долларга карата куну 11 пайызга төмөндөдү. Россияда еврону, долларларды сырт жактарга чыгарууну чектөө боюнча чаралар көрүлүүдө. Рубль сомдон да арзандап кетти. Эгерде Украина менен Россиянын ортосундагы кандуу кагылышуулар токтотулуп, АКШ баштаган батыштагылар санкциялларынын жарымын алышпаса, рублдин анын артынан сомдун азыркыдан да төмөнгө кулоосу мүмкүн. Доллар кымбаттаса эле биздеги сырттан ташылып келгендер түгүл өзүбүздө өндүрүлгөн картошка, сабиздерге чейин кымбаттаганга өтөөрү адатка айланган. Анда ансыз деле азыноолак айлыктарга, пенсияларга өп-чап жашап жаткан элдин абалы кандай болот?
Өкмөттүн мына ушундай күндөн күнгө реалдуу болуп бараткан кризистин соккусун жеңилдетүү боюнча антикризистик программасы барбы? Анын бар экенин өкмөттөгүлөр айтышууда, бирок канчасы реалдуу, канчасы каалоо тилектер экенин бир кудайдын өзү билет. Анткени, биздин Министрлер кабинети үчүн реалдуу иштен мурда кыялдагыларды жараналап жиберүү адатка айланып баратат. Чынын айтсак, кризистин алдын алууга бизде жөн эле каржылык, экономикалык потенциал жетишпейт. Аны ишке ашырыш үчүн сырттан демөөрчүлөр, донорлор болушу зарыл. Бирок, азыркыдай шартта бюджетти колдогонго грант бергидей кайрымдуу, боорукер субьектилер табылабы? Же абал оңолбосо, каржылык кризисте өзүбүз жалгыз калабызбы?
Президент, Министрлер Кабинети 1-апрелден мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, мугалимдердин маяналары көбөйтүлө тургандыгын бир нече ирет маалымдашты. Мейли, башкаруучулардын маяналары жогорулатылсын, ага каршылык жок. Ал эми бюджетти караган калган кызматкерлердин акыбалдары кандай болот?
Пенсиялар, жөлөк пулдар жазылбаган мыйзамга ылайык, дайыма 1-октябрдан көбөйтүлөт. Азыр инфляция 11 пайыз дедик, күзгө чейин 20 пайыздан ашса, адат болуп калган 10 пайыздык көбөйтүүлөр (мында негизинен базалык ставкалар эле эске алынат) элдин кыйынчылыгын жеңилдете алабы? Албетте, жок. Жыл сайын көбөйтүлдү дешкен менен чындыгында мындан 5-6 жыл мурда пенсияга чыккандардын, бюджеттик кызматкерлердин айлыктарынын реалдуу күчтөрү перманенттүү инфляциялардан улам жылдан жылга азаюуда. Мындай шартта “Асмандай” обологон кыялдарды таштап, өкмөт реалдуу экономиканы, каржылык чөйрөнү жакшыртканга, ал аркылуу элдин акыбалын жакшырта албаса да кескин начарлатып жибербөө боюнча чараларды көргөнгө басым жасабаса, акыбал чатагына айланып баратат.
Мирлан Дүйшөнбаев