Көз карандысыздыктан берки 30 жылдын ичинде Кыргызстандын бюджети профицит менен жыйынтыкталды же чыгымдардан кирешелер артып калды деген болгон эмес. Мурдагыларын айтпай эле коёлу, 2010-жылдан бери бюджеттин таңсыктыгы жыл сайын 17-22 миллиард сомду түзүп, ал гранттардын жана кредиттердин эсебинен жабылып келген. Статмаалыматтарга ылайык,  быйыл жаңы тарыхыбызда биринчи жолу республикабыздын бюджети профицит менен жыйынтыкталганы жатыптыр.

Же 2021-жылдын январь-октябрында өлкөнүн ички дүң жыйымы 1,6 пайызга өсүп, жалпы көлөмү 556,6 миллиард сомдү түздү. Дүң жыйымдын планга карата аткарылышы өткөн жылы 92,7 пайызды түзгөн. Адистердин айтымдарында, Кыргызстандын быйылкы жылды экономикалык 3 пайыздык өсүү менен жыйынтыктоого толук мүмкүнчүлүгү бар экен. Быйыл январь-ноябрь айларында бюджеттин киреше бөлүгү 162 миллиард сомду түздү же өткөн жылдын окшош мезгилине салыштырганда 46,8 миллиард сомго көп болду. Анын 118,8 миллиард сому алык-салыктардан жыйналды, планы толук аткарылды, бул өткөн жылдын окшош мезгилине салыштырганда 37,3 миллиард сомго көп. Ал эми Бажы кызматындагылар 41,4 миллиард сом чогултушту, бул өткөн жылга салыштыргандла 15,9 миллиард сомго көп. Салык эмес төлөмдөр өткөн жылга салыштырганда 11,1 миллиард сомго көп түшүрүлүп, жалпы көлөмү 36,5 миллиард сомду түздү. Жалпысынан республиканын бюджети 11 айда 334 миллион сомдук профицит менен жыйынтыкталды. Пандемияга, экономикалык кыйынчылыктарга, саламаттыкты сактоо жана маданият кызматкерлеринин маяналары, мүмкүнчүлүктөрү чектелгендердин жана бала кезинен майыптардын жөлөк пулдары кескин көбөйтүлгөндүгүнө карабастан жылдын өткөн мезгилинде мамлекет эл алдындагы социалдык милдеттен мелерин убагында так аткарып, же айлыктар, пенсиялар жана жөлөк пулдар убагында берилип турду. Кирешелери өтө аз үй-бүлөлөр үчүн 2022-жылдан электр энергияларынын тарифинин ар киловатт-сааты 50 тыйынга түшүрүлгөнү жатат. Тургундарды турак-жай, дыйкандарды жана фермерлерди жеткиликтүү арзан кредит менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКнын, “Айылбанк” ААКнын уставдык капиталдары көбөйтүлдү. Мурда аскердик коргонуу техникалары, жабдуулары айрым өлкөлөр тарабынан жардам иретинде гана берилип келсе, быйыл бюджеттин эсебинен бир катар аскердик техникалар, жабдуулар сатылып алынып, аскер кызматкерлеринин тамак аштарына акчалай колдоолор көбөйтүлдү. 334 миллион сомдук профицит республика үчүн өзгөчө чоң каражат эмес, ал 4 миллион доллардын тегерегиндеги же күркүлдөрдүн бир обьектисинин баасынча акча. Бирок, ал жакшы жышаан, жакшы саамалык. Ал республикабыздын кризистин сазынан чыгып, өнүгүү жолуна түшө баштаганын айгинелейт. Министрлер кабинети 2022-жылда республиканын консолидацияланган бюджетин 400 миллиард сомго жеткирүүгө убада берүүдө. Эгерде республиканын экономикасынын көмүскөдөгү 40-50 пайызынын жарымы ачыкка чыгарылса, аны аткарса болот. Аны өзү мурда жакындары менен бирге бизнесте шугулданып келген Акылбек Жапаров эң жакшы билет. Бирок, анын Салык, Бажы кызматтарындагы коррупциялык механизмдерди жоюп, көмүскө экономикадагылардын бир бөлүгүн да болсо ачыкка чыгарууга, эрки, күчү жетеби? Кептин баары ушунда гана турат. Эмнеси болсо да өтө бийик чекти максат кылыпткойгон Кабинеттин ишине ийгиликтерди каалап туралы.

 

Булак: "Майдан.kg" гезити, №37 (521) 08.12.2021-жыл