Мамлекеттик салык кызматынын салыктык карыздарды өндүрүү багытындагы иштери жаман эмес. Ушул жылдын башынан тартып 4,2 млрд. сом салыктык карыздар жыйналып, өлкө бюджетине түшүрүлгөндүгү белгилүү болду.

Бул көрсөткүч өткөн жылдагыдан 1 млрд. 237,2 млн. сомго көптүк кылат. Салыкчылар мажбурлоо жолдору менен 3 млрд. 615 млн. сомду өндүрүшкөн.

2021-жылдын башынан бери карызын төлөбөй жаткандардын карыздарын төлөөнү милдеттендирүү боюнча 1 миң 130 материал сотко өткөрүлгөн болсо, алардын 568и мамлекеттин пайдасына чечилип, соттун чечимдери менен 1 млрд. 269,6 млн. сом өндүрүлгөн. Салыкты өз убагында төлөбөгөндүктөрү үчүн жалпы 4,9 млн. сомго 2 миң 306 айып пул салынган.

Булак: “Майдан. kg” гезити