«Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын алкагында ипотекалык насыялар берилүүдө. Бул «РСК Банк» ААК «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК менен биргелешкен аракеттеринин негизинде ишке ашырылууда. 16-сентябрда башталган жеңилдетилген ипотекалык насыянын жылдык пайызы 4 пайыз жана 8 пайыз.

Жарандар аны алуу үчүн онлайн арыз жолдой алышат. Ал үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сайтына кирип, жеке кабинетиңизди түзөсүз да, ал аркылуу өзүңүз, жолдошуңуз жана балдарыңыз тууралуу маалымат калтырасыз.

Андан ары идентификация процедурасы башталат, анда арыз ээси персоналдык маалыматтарды мамлекеттик турак-жай программасынын шарттарына туура келээр-келбешин аныктоо үчүн текшерүүгө иштетүү үчүн уруксат берет.

Бул эки этапты тең уюлдук телефондогу Balance.kg жана MegaPay тиркемелери аркылуу жүргүзсөңүз да болот. Мамлекеттик кызматтардан сурамжылоо жүргүзүү үчүн төлөнчү сумманы Элсом, MegaPay, Balance.kg жана  РСК 24 аркылуу которо аласыз. Акы – бир адамдан 78 сом алынат.

Эми кийинки кызыктыруучу суроо: ким насыя ала алат. Бул турак-жай берүүнүн категориясына жараша. Тагыраак айтканда, ар категориянын өзүнө таандык ыңгай-шарттары бар.

Жалпысынан ипотекалык насыяны алуу убагында жарандын жашы 21 жаштан ылдый жана насыянын акыркы бөлүгүн жапкан учурда 65 жаштан жогору болбошу керек. Андан сырткары, жалпы эмгек стажы 2 жылдан кем эмес же ошол учурда иштеп жаткан ишинде бир жылдан кем эмес убакыт эмгектенип келатканы маанилүү. Катышуучу өзүнө жана жолдошуна, бойго жете элек балдарына катталган үй-жай болбошу зарыл. Акыркы үч жылда турак-жайга байланышкан жарандык –укуктук актылардын болбогону да дурус. Эң акыркысы – катышуучу төлөмдү төлөй алгыдай, башкача айтканда жумушка жарамдуу абалда болушу шарт.

Насыя биринчи кезекте көп балалуу үй-бүлөлөргө (беш жана андан көп баласы барлар), ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала өстүрүп жаткан үй-бүлөлөргө берилет.

Андан ары ар бир категориянын өзүнүн өзгөчөлүктөрү менен тааныштырабыз:

Насыялар төмөндөгү багыттар боюнча берилет:

«Жеңилдетилген ипотека» – «Жеке турак жай куруу»

• мөөнөтү: 15 жылдан 25 жылга чейин.

• каржылоонун максималдуу суммасы: бир субъект үчүн 4 млн сомго чейин.

• пайыздык чен: 18 айга чейин курулуш мезгилинде жылдык 8 пайыз, аяктагандан кийин 4 пайыз менен.

• насыялык камсыздоо: жер тилкеси (участогу).

• валюта: кыргыз сому.

 «Арзан ипотека» – «Турак жай сатып алуу»

• мөөнөтү: 15 жылдан 25 жылга чейин.

• каржылоонун максималдуу суммасы: бир субъект үчүн 5 млн сомго чейин.

• пайыздык чен: жылдык 8 пайыз.

• насыялык  камсыздоо: сатып алына турган турак – жай.

• валюта: кыргыз сому.

* насыя Бишкек жана Ош шаарларында гана берилет.

«Арзан ипотека» – «Жеке турак жай куруу»

• мөөнөтү: 15 жылдан 25 жылга чейин.

• каржылоонун максималдуу суммасы: бир субъект үчүн 5 млн сомго чейин.

• пайыздык чен: 18 айга чейинки курулуш мезгилинде жылдык 12 пайыз аяктагандан кийин 8 пайыз.

• насыялык  камсыздоо: жер тилкеси (участогу).

• валюта: кыргыз сому.

Насыя Бишкек жана Ош шаарларында гана берилет.