Кечээ, 13-октябрда төрагалыгына Акылбек Жапаров сунушталган Министрлер кабинетинин жаңы курамы бекитилди. Политолог Бакыт Бакетаев Кыргызстан "Акылономика" аталган жаңы доорго кадам таштады деп белгилейт. 

"Кабминдин жетекчиси Акылбек Жапаров  жаңы гибриддик экономиканы жарыялады - "АКЫЛОНОМИКА". Бирок өтө кыйын, татаал жана депопулярдуу кадамдарга муктаж. Эң оболу эң коркунучтуусу, бюджеттен жанын багып жүргөндөр буга каршы болушат  жана интригалары менен бут тосушат. Эгерде ажобуз Садыр Нургожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевич саясий эрк менен колдобосо "Акылономика" токтоп мамлекетибиз эски кейпине келет", - деди Бакыт Бакетаев.