Келерки жылдан тартып мугалимдердин, дарыгерлердин жана маданият кызматкерлеринин айлыктары көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров билдирди.

Ал быйыл Баткен облусундагы каргашалуу окуяларга байланыштуу күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин айлыгы көбөйгөнүн белгилеп, кийинки кезек мугалим, дарыгер жана маданият кызматкерлеринде болоорун айтты. 

"2022-жылы биринчи кезекте мугалимдердин, дарыгерлердин жана маданият кызматкерлеринин айлыктарын көтөрөбүз. Президент айлыктарды эки эсе көтөргүлө деген тапшырма берди. Мен кыздар мугалимге күйөөгө тийсем деп кыялданып калмайынча айлыктарды жогорулата берем", - деди Жапаров.