Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев Министрлер кабинети мамлекеттик бюджетти кантип эки эсеге көбөйтөрүнө кызыкты. 

"Өткөн жылы бюджет 200 миллиард сом болчу, а 2022-жылы аны 400 миллиард сомго жеткирүүнү пландап жатасыңар", - деди. 

Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров бул көлөмгө жетүүгө бажыдагы көмүскө жүгүртүүлөрдү ачыктоо жардам берээрин белгиледи. 

"Биз Кумтөргө жеттикпи, эми бажыга да жетебиз. Бул жылы кирешелер 50 миллиард сомду түздү, кийинки жылы аны 100 миллиард сомго жеткиребиз. Салык кызматынын кирешеси 150 миллиард сомго жетет. Андан тышкары кошумча 20 миллиард сом салык эмес кирешелер бюджетке которулат", - деди Жапаров. 

 Айтымына, пенсия жана пособие жашоо минимумунан ылдый болбошу керек.