Сыртта жашап, иштеп жүрүшкөн мекендештерибиз жылына миллиондогон долларларды Кыргызстанга которуп турушса, ошол эле мезгилде миллиндогон долларлар сыртка которулуп турат.

Ушул жылдын январь-августь айларына карата 335 млн. 90 миң доллар сыртка которулганын Улуттук Банк маалымдады. Бул өткөн жылдагыдан 32 млн. долларга көптүк кылат. Бул акчалардын баары жеке адамдар тарабынан акча которуу системалары аркылуу которулган. Быйылкы жылдагы көрсөткүч кубандырарлык эмес, анткени, суммасы жагынан буга чейинки жылдардан ашып түшкөн. Алсак, 2018-жылы 336,3 млн. доллар, 2019-жылы – 336 млн., 2020-жылы – 303,1 млн., 2021-жылы -  335,09 млн. доллар.

Көрүнүп тургандай, өлкөдөн сыртка каражаттардын чыгарылуусунун өлчөмү көбөйүүдө. Бул кыргыз бийлигине, өкмөтүнө кагылган коңгуроо болушу керек.

Булак: «Майдан. kg» гезити