Өлкөбүздүн сырткы карыздарынын негизги суммасы Кытайга туура келет. Ошондуктан карыздарды төлөөдө Кытай өкмөтүнөн мөөнөтүн жылдырууга уруксат сурап келебиз. Кытай жеңилдиктерди берип, кийинки жылдарга калтырбаса, карыздарды төлөй албай айлабыз кетмек окшойт.

Кытай өкмөтү 51,1 млн. долларды төлөөнүн мөөнөтүн 6 жылга ары жылдырды. Белгилүү болгондой, бул жылы  кредиттердин үстөгүнө 88 млн. доллар төлөмөкпүз. Бирок пандемияга байланыштуу кыргыз өкмөтү кытай өкмөтүнө кайрылып, мөөнөтүн жылдырууну суранган. 6 жылдагы кредиттин үстөгү 3,8 млн. долларды түзөт.

Министрлер кабинети Кытай тарап макулдук берген 51,1 млн. доллар электр энергия сатып алууга, Баткенди калыбына келтирип, социалдык долбоорлорду ишке ашырууга жумшаларын билдирди. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстандын Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына карызы 1,7 млрд. долларга жетти.

Булак: «Майдан. kg» гезити