Анысын азырынча айтыш кыйын го,  бирок 2022-2024-жылдарга Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн  орто мөөнөттөгү прогнозуна ылайык, келерки жылдын бюджетиндеги мамлекеттик инвестициянын көлөмү 42 млрд. 798 млн. сомду түзөрү маалым болду.

Бул сумманын 13 млрд. 229 млн. сому гранттык каражат болсо, 27 млрд. 133 млн. сому – кредиттер. Министрлер кабинети кредиттерди кошумча каржылоого 2 млрд. 436 млн. сом жумшаганы жатат.

Бюжеттин инвестициялар бөлүгүнүн негизин экономикалык блок түзөрү белгилүү болду. Атап айтканда, айыл чарба, транспорт, энергетика, суу менен камсыз кылуу жана социалдык инфраструктура тармактарына мамлекеттик инвестициялардын сезилерлик көлөмү сарпталмакчы. Ал эми социалдык секторго 2 млрд. 325 млн. сом багытталса, анын ичинде 1 млрд. 684 млн. сому саламаттыкты сактоого, 640,7 млн. сом билим берүүгө жумшалат.

Булак: «Майдан. kg» гезити