Министрлер Кабинети Баткен облусунда 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяларда жабыркаган салык төлөөчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө чечим кабы алды. Бул тууралуу аталган Кабинеттин басма сөз кызматы билдирди. 

Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында орун алган окуялар «ал жеткис күчтүн жагдайлары» аныктамасына дал келүүчү өзгөчө жагдайлар деп таанылды.

Чечимге ылайык, 2021-жылдын 1-апрелинен 31-декабрга чейинки мөөнөттө Баткен облусундагы окуялардын кесепетинен жабыркаган ишкерлердин тизимине киргизилген салык төлөөчүлөр (кенди кайра иштетүүчү, кен казуучу жана акциздик товарларды чыгаруучу ишканалардан, мунай продуктуларын сатуучу субъектилерден тышкары) төмөнкү салыктарды төлөөдөн бошотулду:

- киреше салыгы;

- пайда салыгы;

- кошумча нарк салыгы (импортко карата кошумча нарк салыгынан тышкары);

- сатуу салыгы;

- милдеттүү патенттин негизиндеги салык;

- ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык;

- бирдиктүү салык.

Көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөр ал жеткис күчтүн жагдайларынын кесепетинен 2021-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейинки мезгилде пайда болгон салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын суммасы боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө арызды салык органына берүүгө укуктуу. 

2021-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейинки отчеттук мезгилде салык калдыгынын суммасына камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөбөө үчүн туум көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөргө карата колдонулбайт. 

Салык калдыгынын суммасына камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөбөө үчүн туумду төлөөдөн бошотуу тууралуу ченемдер 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги окуялардын кесепетинен жабыркаган калктуу конуштардын аймагынан тышкары жайгашкан алардын филиалдарына жана башка түзүмдүк бөлүктөрүнө жайылтылбайт.

Жергиликтүү кеңештерге Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы окуялардын кесепетинен жабыр тарткан ишкерлердин тизмесине киргизилген салык төлөөчүлөрдү жер жана мүлк салыгын төлөөдөн бошотуу сунушталды.