- Айылчы агай, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизсе, каржы көзөмөл мекемесинин көз карандысыздыгын жоготуп, валюталык кризис жаратабы?

- Улуттук банк Дүйнөлүк банк менен тыгыз иштешет. Ар бир мыйзамдагы өзгөртүүлөр ошолордун макулдугу менен болот. Эгерде азыр эл аралык финансы уюмдары менен мамилебизди бузуп алсак, бизге талибандар да жардам бере албайт. "Аны кылабыз муну кылабыз" дегендер жөн эле көпкөндөр. Улуттук банктын жетекчилигине кызыккан мафиялык топ бар. Аларга Кыргызстандын кереги жок. Ошондуктан, бул маселени Президент өзү Дүйнөлүк банктын жетекчилери менен чогуу чечкени оң. Болбосо артык кылабыз деп жатып тыртык кылып алыш оңой. Азыркы сунушталып жаткан жигит мурун иштеген деген шылтоону айтып жатышат. Балким ал Улуттук банкта мурун короо шыпыргыч болуп жүргөндүр.