Аталган институттун айтканына ишенсек, 2022-жылдан тартып өлкөбүздүн экономикасы калыбына келе баштайт.

Евразия өнүктүрүү банкынын маалыматы өз прогнозунда суунун аздыгы энергосекторго кошумча тобокелчиликтерди жаратарын эскертет. Жогорудагыдай оптимисттик прогнозду берүүгө эң ириде өлкөдө социалдык-саясий туруктуулук, ошондой эле “Кумтөр” кениндеги өндүрүштүк пландын ишке ашырылуусу мүмкүндүк берген. Ошол эле мезгилде прогноз белгисиздикке да ээ. Бул Кумтөрдөгү ушул жылдын экинчи кварталындагы өндүрүштүк иштер тууралуу ачык маалыматтардын жоктугуна байланыштуу. Евразия өнүктүрүү банкынын ишениминде, алтын ишканасы алдыдагы эки жылда алтын өндүрүүнүн узак планын ишке ашыруу үстүндө иш алып барышы толук ыктымал.

Булак: «Майдан. kg» гезити