Экономикалык абалдын оордугуна карабастан бийлик быйыл айлыктарды, пенсияларды, жөлөк пулдарды көбөйттү. Ага ырахмат, бирок пенсиялардын, жөлөк пулдардын көбөйтүлгөн бөлүгүнүн суммалары инфляцияны, негизги азык-түлүктөргө, курулуш материалдарына өскөн бааларды индексациялаганга толук жетпегендиги да чындык. Баалар 30-40 пайыздан өссө, пенсиялардын базалык, камсыздандыруу бөлүктөрү орто эсеп менен 10 пайызга гана көбөйтүлдү. Бирок, мунусуна да шүгүр. Эми келерки жылдын бюджети кандай болот?

Ушул убакка чейин өткөн жылга салыштырганда эконо¬микабыздын 1 пайыздай артка кеткендиги маалымдалган. Жыл аягына чейин ал кандай болот, артка кетүү дагы көбөйөбү же өсүш менен чыгабызбы, аны убакыт көрсөтөт. Бирок, ага карабастан 2022-жылдын бюджетинин 212,7 миллиард, финансылык активдер менен 230,8 миллиард сомго же 17,7 пайыздык өсүштө белгиленип жаткандыгы жакшы. Мында бир гана суроо туулат. Экономикада өсүш болбосо, бюджет эмненин эсебинен көбөйтүлүүдө?

Алык-салыктарды жыйноо өткөн жылга алыштырганда 5 пайызга көбөйүптүр. Калгандары кошумча төлөмдөрдүн, грант, кредиттердин эсебинен толукталат окшойт. Мында белгилей кетчү нерсе, бюджеттин таңсыктыгы 9 миллиард сомду түзөт, бул мурдагы жылдарга салыштырганда эки эсе аз. Эгерде бажылык төлөмдөрдүн түшүүсүн, салыктарды башкарууну жакшыртса, анын ордун оңой эле толуктоого болот. Анткени, ачык айтуу керек, өлкөнүн Бажы кызматы салыкчылардай иштебей, мурдатан калыптанган коррупциялык механизмдер жоюлбай жатат. Быйылда Бажы кызматынын пландык тапшырмаларды аткаруусу күмөн. Демек, мындан жыйынтык чыгаруу керек. Же өткөрмө пункттарда адам факторун мүмкүнчүлүк жеткенче азайтып, бардыгын автоматташтырууга, санариптештирүүгө өткөрүү зарыл. Ансыз Бажы кызматында позитивдүү жылыштар болбостугун Министрлер кабинетинин төрагасы У.Марипов да айтууда. Бирок, андай иштерге кимдер тоскоол болууда? Бул өңүттө Өкмөт жакшы иштебей жаткандыгы чындык. Жаңы бийлик келгенден кийин көчөлөргө видеобайкоо аппараттарын орнотуу да эстен чыкты. Ошондон улам жол кырсыктары өткөн жылдын окшош мезгилине салыштырганда кескин көбөйүп кетти. Бюджет түзүүчү негизги тармактардын бири болгон Бажы кызматын санариптештирүүгө карата андай мамиле болбошу керек. Антсе пландаш¬тырылгандардын көпчүлүгү кагазда гана калганы турат.

Бюджетте “Кумтөрдүн” орду, салымы кандай болот? “Кумтөр” өнөр жай продукцияларынын 10 пайызын берет. Ал эми анын бюджетке милдеттүү чегерим, төлөмдөрү ошого адекваттуу болуп атабы? Өлкөнүн экономикасынын 40-50 пайызы көмүскөдө, ал эми калгандарынын сезилерлик бөлүгү кош бухгалтерияда экендиги чындык. Алар качан ачыкка чыгарылып, милдеттүү алык-салыктарын, төлөмдөрүн толук төлөй башташат?

Мамлекеттин негизги милдети элдин коопсуздугун камсыз кылуу болсо, экинчи милдети - алык-салыктарды, төлөмдөрдү толук өндүрүү. Ансыз мамлекет эл алдындагы каржылык милдет¬тенмелерин толук аткара албайт.

Тилекке каршы, мурдагы жылдарда “Кумтөрдөн” 18-20 тонна алтын өндүрүлүп келсе, быйыл 14,5 тонна гана алтын өндүрүлөрү күтүлүүдө. Темп, натыйжа жаңы карьерлерди өздөштүрүүдөн улам начарлап кеттиби же башка себеби барбы, бул тууралуу ачык айтыла элек. Эмнеси болсо да продукциянын көлөмү төмөндөгөн менен “Кумтөрдүн” бюджетке кошчу салымы мурда канадалыктарга кетип жүргөн кирешелердин эсебинен толукталса, кыйынчылык болбойт. Ал эми башка баалуу металлдар өндүрүлгөн комбинаттардын бюджетке кошкон салымдары кандай болуп жатат?

Быйыл бир катар бюджеттик кызматкерлердин маяналары сезилерлик көтөрүлдү. Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жөлөк пулдары 50-100 пайызга, ал эми пенсиялар 300-500 сомго көбөйгөнү жатат. Курманбек Бакиевдин тушунда пенсиялар жылыга эки жолудан көбөйтүлө баштады эле, аны “временшиктер” талкалап, өлкөнү экономикалык жактан 5-6 жылга артка түртүп салышты. Же өлкөдө саясый, социалдык туруктуулук, бекем тартип болбосо, белгиленгендер аткарылмак түгүл, 2010-жылдагыдай бир нече жыл артка кетип калуу оңой эле. Ал үчүн алдыдагы парламенттик шайлоо ачык, таза, бардыгы мыйзамдуулуктун чегинде гана өткөрүлүүсү зарыл. Тилекке каршы, Кыргызстандын экономикасы саясатка байланып калган. Өнүккөн өлкөлөрдө саясат экономиканын уландысы болсо, бизде экономика саясаттын уландысына айланган. Муну да эстен чыгарбоо керек.

Булак: «Майдан. kg» гезити