Печать
Категория: Экономика
Просмотров: 123

Бул тууралуу 16-сентябрда президент Садыр Жапаров менен жолугушууда Кытайдын тышкы иштер министри Ван И билдирди.

Бул акча Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү максатында берилери айтылды.

Мындан тышкары кытай тарап коронавируска каршы вакцинасынан дагы 1 миллион доза берери маалым болду.

Жапаровдун Кытайдын башкы дипломаты менен жолугушуусу Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында жүрүп жаткан аймактык саммиттер алкагында өттү.

Коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал турукташса эки өлкө ортосундагы аба каттамдарын кайрадан ачуу керектиги белгиленди.

Ооганстандагы соңку абал талкууланып, эки өлкөнүн тийиштүү органдарынын бул багытта кызматташуусунун маанилүүлүгү белгиленди.