Кыргызстанда 29-майга карата коронавирус дагы 356 адамдан аныкталды.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 162, Ош шаарында – 63, Чүй облусунда – 78, Ош облусунда – 10, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 22, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусу – 3 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир сутка ичинде 458 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 321, Ош шаарында – 11, Чүй облусунда – 89, Ош облусунда – 4, Нарын облусу – 4, Ысык-Көл облусунда – 18, Жалал-Абадда – 10, Баткен облусунда бир адам сакайды", - деп айтылат билдирүүдө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 6, Чүй облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 1, Баткен облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 688 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 714 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 153 бейтаптын абалы орто оордукта, 421 адамдын абалы оор жана 90 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 632 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 553 медкызматкер айыккан.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 104 миң 222 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 98 000 киши айыгып чыкса, 1 миң 797 адам каза болду.