Кыргызстанда акыркы суткада коронавируска каршы вакцинаны 5 миң 438 адам алды.
Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы 77 миң 481 адам эмдөөдөн өттү. Алардын ичинен 27 миң 602сы вакцинанын экинчи дозасын алды.
Аймактар боюнча алганда:
- - Бишкекте – 19 миң 990;
- - Ошто – 5 миң 810;
- - Чүй облусунда – 12 миң 329;
- - Ош облусу – 10 миң 371;
- - Ысык-Көл облусу – 7 миң 618;
- - Талас облусу – 3 миң 633;
- - Нарын облусу – 3 миң 649;
- - Жалал-Абад облусу – 10 миң 106;
- - Баткен облусу – 3 миң 270.
Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.
Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы, 10-майда дагы 20 миң дозасы алынып келген.
Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.