Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы 77 миң 481 адам эмдөөдөн өттү. Алардын ичинен 27 миң 602сы вакцинанын экинчи дозасын алды.

Аймактар боюнча алганда:

  • - Бишкекте – 19 миң 990;
  • - Ошто – 5 миң 810;
  • - Чүй облусунда – 12 миң 329;
  • - Ош облусу – 10 миң 371;
  • - Ысык-Көл облусу – 7 миң 618;
  • - Талас облусу – 3 миң 633;
  • - Нарын облусу – 3 миң 649;
  • - Жалал-Абад облусу – 10 миң 106;
  • - Баткен облусу – 3 миң 270.

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы, 10-майда дагы 20 миң дозасы алынып келген.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.