Учурда ооруканаларда 1596 бейтап дарыланып жатат.

Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен дагы 8 адам каза болду. Анын төртөө Бишкекте, үчөө Чүй облусунда, бир учур Талас облусунда катталды.

Коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны өлкөдө 1773тү түздү.

26-майга карата 207 адамдан COVID-19 илдети аныкталды. Пандемия башталгандан бери 103 207 адамга вирус жукту.

Акыркы сутка ичинде 332 адам сакайып, үйлөрүнө чыгарылды. Жалпы сакайгандардын саны 96 765 болду.

Учурда ооруканаларда 1596 бейтап дарыланып жатат. Үй шартындагы дарыланууда 2045 адам бар.