Бүгүн, 24-майга карата 191 адамдан коронавирус табылып, 308 бейтап сакайды.
Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жуктургандар:
- Бишкек — 121;
- Ош шаары — 11;
- Чүй — 28;
- Ош — 2;
- Талас — 6;
- Нарын — 8;
- Ысык-Көл — 11;
- Жалал-Абад — 4.
Ушуну менен илдет жуктургандардын жалпы саны 102 702 адамга жетти.
Айыккандар:
- Бишкек — 224;
- Ош шаары — 7;
- Чүй — 64;
- Ош — 5;
- Талас — 2;
- Нарын — 2;
- Ысык-Көл — 4.
Коронавирустан жалпы 96 119 киши сакайды.
Тилекке каршы, өткөн суткада дарт алты бейтаптын өмүрүн алган. Анын ичинен төртөө Бишкек шаарынан көз жумса, бирөө Таластан, бирөө Чүй облусунда катталган.