Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 193, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 96, Ош облусунда – 13, Талас облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 28, Нарын облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда – 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 320 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 177, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 85, Талас облусунда - 1, Нарын облусунда – 16, Ысык-Көл облусунда – 22, Жалал-Абад облусунда – 8, Баткен обулсунда - 1 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда эки бейтап каза болду. Акыркы сутка ичинде 5 420 ПЧР изилдөөлөр жүргүзүлгөн.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 567 бейтап, амбулатордук түрдө 2 461 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1049 бейтаптын абалы орто оордукта, 8 бейтап канааттандырарлык абалда болсо, 432 адамдын абалы оор жана 78 бейтап өтө оор абалда жатат.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 101 миң 580 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 94 миң 803 киши айыгып чыкса, 1 миң 729 адам каза болду.