Кыргызстанда 17-майга карата коронавирус дагы 259 адамдан аныкталды.

Бул тууралуу Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 161, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 44, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 14, Ысык-Көл облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 10 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 284 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 194, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 51, Ош облусунда – 2, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 22, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 2 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 694 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 435 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 151 бейтаптын абалы орто оордукта, 431 адамдын абалы оор жана 94 бейтап өтө оор абалда жатат.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 552 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 482 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 100 миң 732 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 93 миң 886 киши айыгып чыкса, 1 миң 711 адам каза болду.