Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт.

Кыргызстанда акыркы 24 саатта коронавируска каршы 5 миң 29 адам эмдөө алды, анын ичинен 2 миң 37си экинчи доза алгандар. Республика боюнча 50 миң 775 адам эмдөөдөн өтсө, анын ичинен 10 миң 886 адам экинчи доза алган. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- Бишкекте – 13 844 (бир суткада – 417, экинчи доза алгандар – 276);

- Ошто – 3 828 (бир суткада – 0, экинчи доза алгандар – 0);

- Чүй облусунда – 7 435 (бир суткада – 1 344, экинчи доза алгандар – 350);

- Ош облусу – 6 885 (бир суткада – 2 032, экинчи доза алгандар – 861);

- Ысык-Көл облусу – 4 599 (бир суткада – 417, экинчи доза алгандар – 148);

- Талас облусу – 2 471 (бир суткада – 197, экинчи доза алгандар - 98);

- Нарын облусу – 1 732 (бир суткада – 93, экинчи доза алгандар – 15);

- Жалал-Абад облусу – 7 780 (бир суткада – 315, экинчи доза алгандар – 197);

- Баткен облусу – 2 201 (бир суткада – 214, экинчи доза алгандар – 92).

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы, 10-майда дагы 20 миң дозасы алынып келген.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.