Бир суткада 254 кишиден вирус аныкталды.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 195, Ош шаары — 3, Чүй облусу — 25, Ош облусу — 1, Нарын облусу — 4, Ысык-Көл облусу — 17, Жалал-Абад облусу — 9 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаары үч, Чүй облусунда эки бейтап каза болду.

Март айынан бери 98 миң 654 киши вируска чалдыгын, 1 миң 660 бейтап көз жумду.