Кыргызстанда 8-майга карата коронавирус дагы 416 адамдан аныкталды.

Бул тууралуу Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 246, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 110, Ош облусунда – 3, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 25, Жалал-Абад облусунда – 15, Баткен облусунда - 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 308 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 202, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 77, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 14 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 1 жана Ысык-Көл облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 653 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 514 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 130 бейтаптын абалы орто оордукта, 437 адамдын абалы оор жана 83 бейтап өтө оор абалда жатат.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 485 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 417 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 98 миң 79 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 91 миң 267 киши айыгып чыкса, 1 миң 649 адам каза болду.

Булак: Кабар