Кыргызстанда бир суткада коронавирустун 385 жаңы учуру катталды.

Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 226, Чүй облусунда – 108, Ош шаарында – 12, Ош облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 15, Нарын облусунда – 16, Баткен облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 348 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 244, Ош шаарында – 2, Ош облусунда – 7, Чүй облусунда – 76, Ысык-Көл облусунда – 1, Нарын облусунда – 7, Талас облусунда – 4, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 2 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1600 бейтап, амбулатордук түрдө 2465 адам дарыланууда. 1106 бейтаптын абалы орто оордукта, 415 адамдын абалы оор жана 75 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 478 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 405 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 97 миң 663 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 90 миң 959 киши айыгып чыкса, 1 миң 643 адам каза болду.