Кыргызстанда бир суткада коронавирустун 397 жаңы учуру катталды.

Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 210, Чүй облусунда – 130, Ош шаарында – 5, Ош облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 19, Нарын облусунда – 11, Жалал-Абад облусунда – 9, Баткен облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 248 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 151, Ош шарында – 7, Ош облусунда – 4, Чүй облусунда – 59, Ысык-Көл облусунда – 11, Нарын облусунда – 7, Талас облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда – 4 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 6, Ош шаарында бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1563 бейтап, амбулатордук түрдө 2378 адам дарыланууда. 1091 бейтаптын абалы орто оордукта, 397 адамдын абалы оор жана 70 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 468 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 391 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 96 миң 958 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 90 миң 394 киши айыгып чыкса, 1 миң 637 адам каза болду.