Кыргызстанда акыркы 24 саатта коронавируска каршы 3 миң 577 эмдөө алды, анын ичинен 384ү экинчи доза алгандар.

Республика боюнча 33 миң 548 адам эмдөөдөн өтсө, анын ичинен 1 миң 746 адам экинчи доза алган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- Бишкекте – 8 040 (бир суткада – 1 миң 274, экинчи доза алгандар – 37);

- Ошто – 2 909 (бир суткада – 157, экинчи доза алгандар – 29);

- Чүй облусунда – 4 098 (бир суткада – 246, экинчи доза алгандар – 59);

- Ош облусу – 5 160 (бир суткада – 246, экинчи доза алгандар – 178);

- Ысык-Көл облусу – 2 899 (бир суткада – 400, экинчи доза алгандар – 17);

- Тадас облусу – 1 552 (бир суткада – 184);

- Нарын облусу – 1 410 (бир суткада – 220, экинчи доза алгандар – 33);

- Жалал-Абад облусу – 5 980 (бир суткада 663, экинчи доза алгандар – 31);

- Баткен облусу – 1 миң 500 (бир суткада – 23).

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы алынып келген.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.