Бир суткада 224 кишиден вирус аныкталды.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 139, Ош шаары — 1, Чүй облусу — 63, Ош облусу — 2, Нарын облусу — 8, Ысык-Көл облусу — 11 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында алты, Ысык-Көл облусунда эки бейтап каза болду.

Март айынан бери 96 миң 561 киши вируска чалдыгын, 1 миң 630 бейтап көз жумду.