Кыргызстанда акыркы суткада 2130 адам коронавируска каршы эмделди.

Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми бүгүнкүгө чейин өлкөдө жалпы 20 458 адамга коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлдү. Алардын ичинен вакцинанын экинчи дозасын 660 адам алды.

Алар:

- Бишкек шаарында —3092 адам;

- Ош шаарында — 2017 адам;

- Чүй облусунда — 2601 адам;

- Ош облусунда — 4765 адам;

- Ысык-Көл облусунда — 1668 адам;

- Баткен облусунда — 1222 адам;

- Нарын облусунда — 872 адам;

- Жалал-Абад облусунда — 3364 адам;

- Талас облусунда — 857 адам.