Маалыматка ылайык, белгилүү болгондой 14-апрелде шаардык билим берүү мекемелеринде офлайн жана онлайн режиминде окуу башталган.

 Бишкекте эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда, акыркы суткада коронавирус инфекциясынын жана пневмониянын 138 учуру катталды, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, белгилүү болгондой 14-апрелде шаардык билим берүү мекемелеринде офлайн жана онлайн режиминде окуу башталган.

26-апрелге карата 14 мектеп аралыктан окутууга өткөн: 24, 70, 67, 35, 12, 11, 65, 26, 63, 17, 64, 88, 62 жана 61 (орто мектеп мекемелери).

2 бала бакча карантинге жабылган: №12 жана №112.

Мындан тышкары, 24 мектепте COVID-19дун учурлары катталган, анда мектептер ишин улантууда, 18 класс онлайн окутууга өткөн.

Мектептердин толук онлайн режимине өтүшү ооруган окуучу же мугалим менен байланыштын санына жараша болот, чечимди Шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун эпидемиологдору кабыл алат.

“Урматтуу шаардыктар! Ар бириңиздерден санитардык нормаларды так сактоону өтүнөбүз: бет кап тагынып, жеке тазалыкты сактаңыздар, колуңуздарды антисептик менен бат-баттан тазалап туруңуз, эң башкы чектөө коомдук жайларга барууну азайтып, социалдык аралыкты сактаңыздар. Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды сактаңыздар”, - деп айтылат маалыматта.

Булак: Кабар