Кыргызстанда 24-апрелге карата коронавирус дагы 325 адамдан аныкталды.

Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 194, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 90, Ош облусунда – 6, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 20, Нарын облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 163 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 84, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 54, Ош облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 5, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 8, Баткен облусунда – 1 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 4, Ысык-Көл облусунда 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 417 бейтап, амбулатордук түрдө 1 753 адам дарыланууда. 1011 бейтаптын абалы орто оордукта, 332 адамдын абалы оор жана 58 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 13 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 395 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 305 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 93 миң 603 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 87 миң 880 киши айыгып чыкса, 1 миң 578 адам каза болду.