Бишкекте өткөн суткада коронавирус инфекциясынын 148 жаңы учуру катталды.

Бул тууралуу брифингде Мамэпидкөзөмөл боюнча башкы дарыгердин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Дарыгердин айтымында, анын ичинен лабораториялык тастыкталган – 135 учур, клиникалык-эпидемиологиялык пневмония – 13 учур.

“Шаардыктар арасында 134 учур катталган. Ленин району – 46, Биринчи май району – 38, Свердлов району – 20, Октябрь району – 31 учур. Башка облустардан илдет жуктуруп алган 14 адам каттоого алынды. Клиникалык симптомдору бар 134 адам, ал эми 14 адам симптомсуз кайрылышкан” ,- деди ал.

Анын маалыматы боюнча, бир суткада стационарларга 34 адам жаткырылып, 114 адам амбулатордук түрдө дарыланышууда.

Рыскулбекова жарандарды жана борбор калаага келген конокторду эпидемиологияга каршы эрежелерди сактоого чакырды.

Булак: Кабар